24.kg
11:43, 26 декабря 2019, 24.kg

Равшан Жээнбеков камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын карап чыкты. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, соттук коллегия биринчи инстанция чыгарган мурунку депутатты Бишкектеги № 1 тергөө абагында калтыруу тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

«Сот биздин далилдерди эске албай, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Биз бул токтомду мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Равшан Жээнбеков өзү Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын корутундусунда анын сөзүн бурмалап коюшкан деп божомолдоодо. Мындан тышкары комиссия саясий тапшырыкты аткарды деп эсептейт», — деди Замир Жоошев.

Мурунку депутат Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Буга чейин аны ИИМдин тергөөчүлөрү бир канча жолу суракка алышкан болчу.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18