24.kg
10:58, 26 декабря 2019, 24.kg

Бир катар өлкөлөргө элчилер дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, бир катар өлкөлөргө элчилер дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Данияр Мукашев Кыргызстандын Швейцария Конфедерациясындагы, Италия Республикасындагы, Лихтенштейн Княздыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү, Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Сан-Марино Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Башка бир жарлыкка ылайык, Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ошондой эле Абдилатиф Жумабаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18