24.kg
10:46, 26 декабря 2019, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин милиция кылмыш ишин козгоду

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин милиция кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Маалыматка караганда, аскер кызматкери жана жай жарандардын жарадар болушу тууралуу факт Кылмыштардын жана жазыктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Иликтөөнү мекемелер аралык тергөө тобу жүргүзүүдө. Анын курамына УКМК, ИИМ жана прокуратура органдары кирди. Тилекке каршы, ишти иликтөөдө эки өлкө ортосунда айрым пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн», — деди Жеңиш Разаков.

Эске салсак, окуя 18-декабрда саат 9да Көк-Таш айылында башталган. Жаңжал учурунда Баткен облустук бириктирилген ооруканасына болжол менен саат 12 жарымда 6 жабырлануучу (анын ичинде 4 аскер кызматкери жана эки жай жаран) келип түшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18