24.kg
10:20, 26 декабря 2019, 24.kg

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү дем алыш күндөрү да ишке ашырылат

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жума ичинде гана эмес, дем алыш күндөрү- 28-29-декабрда да ишке ашырылат. Бул тууралуу Каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, документтерди кабыл алуу жана тариздетүү «Унаа» бөлүмүндө (Лебединовка айылы, Жеңиш проспектиси 121"Б" дареги боюнча) жүргүзүлөт. Ал эми күбөлүктөр Ауэзов көчөсү 1/5 дарегинде жайгашкан калкты тейлөө бөлүмүндө берилет.

Калкты тейлөө борбору саат 9дан кечки 5ке чейин иштейт.

Убактылуу күбөлүктөрдү тапшыруу мөөнөтү өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, 2020-жылдын 15-февралында аяктайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18