24.kg
09:17, 26 декабря 2019, 24.kg

Ыдык көрсөтүүгө шектелип жаткан айыпталуучуга карата актоочу өкүм чыкты

Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу ыдык көрсөтүүгө шектелип жаткан 18 жаштагы айыпталуучуга карата актоочу өкүм чыгарды.

Белгилей кетсек, соттук териштирүү дайыма жылдырылып келген. Ал эми жабырлануучу тарап 24.kg агенттигине шектүүлөр арызды кайра чакыртып алууну талап кылып жатышканын билдиришкен болчу.

«Кыз психикалык жактан жабыркады. Судья болсо биздин жактоочулардын аргументтерин укпаган сыяктуу», — деди жабырлануучунун апасы. Ал жактоочулар өкүмдүн көчүрмөсүн алаары менен, алар жогору турган инстанцияга даттанышаарын кошумчалады.

Жабырлануучу тарап Айбек Эрнис уулу мыйзамсыз өкүм чыгарды деп эсептешет.

Окуя 2016-жылы балдар лагерлеринин биринде болгон. Анда тарбиячы кыздардын бирине ыдык көрсөткөн деп айтылган. «Кызым мага дароо айткан эмес. Кийин окуя тууралуу маалыматты уккан соң, милицияга кайрылганбыз. Биз сотко чейин жеттик, бирок айыпталуучу эч кандай жаза алган жок», — деди кыздын апасы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18