24.kg
16:52, 25 декабря 2019, 24.kg

Бишкек — Нарын — Торугарт жолун курууда үнөмдөлгөн каражатка кошумча жол салынат

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолун курууда үнөмдөлгөн каражат Нарын облусунун Ак—Талаа, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондоруна баруучу чоң жолдун боюндагы Нарын районунун Жерге—Тал айыл аймагы аркылуу өткөн жолдун курулушуна жумшалат. Бул боюнча тиешелүү банктар менен макулдашууларга жетишилди. Бул тууралуу депутат Алмазбек Акматов бүгүн «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди.

Маалыматка караганда, курула турган 23 чакырымдык жол Кызыл—Жылдыз, Жаңы-Талап, Жалгыз-Терек айылдарын камтыйт.

Ошондой эле быйылкы «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын» алкагында, элет жерлерин интернет менен камсыздап, уюлдук телефондордун сапаттуу тартуусуна жетишүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын депутат кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18