24.kg
14:42, 25 декабря 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков: Садыр Жапаров боюнча сотко көрсөтмө бере албайм

Садыр Жапаров боюнча сотко көрсөтмө бере албайм. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында айтты.

Эске салсак, саясий туткун Садыр Жапаров ырайым сурап президентке кайрылганын 24.kg агенттигине анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов ырастаган. «Кайрылуу 16-октябрда жолдонгон. Ал эч бир күнөөсү жоктугун, ата-энесин, уулун жоготконун айтып, бошотууну суранган. Азырынча жооп жок», — дейт жактоочусу.

«Садыр Жапаров боюнча мен популисттик кылып сотко «мындай же тигиндей кыл» деп айтканым туура эмес. Сот системасы — мамлекеттин өзөгү. Бул системаны реформа кылып тазалайбыз деп айтып келебиз. Арыз бериптир, маселе каралып жатат. Кандай чечилерин кийин угасыздар», — деди Сооронбай Жээнбеков.
 

Президент өзү кызматка келгенде көп саясатчылар түрмөдө отурганын, ага бир топ жактоочулар кайрылып турганын билдирди. Ошондой эле сот бардык чечимди өзү кабыл аларын, анын жыйынтыгы менен таза жарандар эркиндикке чыгып жатканын кошумчалады.



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18