24.kg
14:04, 25 декабря 2019, 24.kg

Шайлоого сен бар, сен барба. Президент иниси жана кудасы тууралуу

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында, иниси Асылбек Жээнбеков менен кудасы Алиярбек Абжалиевдин 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого катышып катышпай тургандыгы тууралуу түшүндүрмө берди.

Мамлекет башчысы 24.kg агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, азыркы парламентке баа берүүдөн баш тартты. «Эгер мен ар бир депутат боюнча өз пикиримди айтсам, туура эмес болуп калат. Тандоону элге коелу, мен ага аралашпай эле коеюн», — деди ал.

Президент 24.kg агенттигинин «иниси жана кудасы менен 2020-жылдагы шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу сүйлөштүңүзбү, болбосо коомчулуктун сыны өз башыңызга келиши мүмкүн» деген суроосуна, ар бир киши өзү чечет деп жооп берди. «Бул маселе боюнча алар менен сүйлөшө элекмин. Мен аларга шайлоого сен бар, сен барба деп айта албайм. Убакыт келгенде көрөбүз», — деди ал.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18