24.kg
12:30, 25 декабря 2019, 24.kg

Жыл жыйынтыгы. 1-ноябрга карата 4 миң 400дөн ашык ипотекалык насыя берилди

«Арзан турак жай» программасынын алкагында 2019-жылдын 1-ноябрына карата 4 миң 400дөн ашык ипотекалык насыя берилип, анын суммасы 5 миллиард 200 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Натыйжада 16 миңден ашык жаран турак жай менен камсыз болду.

«Эки жылдын ичинде мамлекеттик кызматкерлер үчүн мамлекеттик ипотеканын пайыздык ставкалары 12 ден 6 пайызга чейин төмөндөдү. Бул программанын алкагында бюджеттик тармактарда иштеген адамдарга гана эмес, жалпы эле турак жайга муктаж жарандарыбызга ипотека бериле баштады», — деди президент.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18