24.kg
11:11, 25 декабря 2019, 24.kg

Президент: Социалдык багыттагы иштер мамлекеттик бюджеттин эсебинен аткарылды

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйын өткөрүп жатат.
 
Президент алгач ЖМК өкүлдөрүнө ишине жардам берип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал журналисттерден суроо узатуудан мурун 25 мүнөттөй убакыт берүүнү суранып, бир жылдык ишинин жыйынтыктарын айтып берүүдө.
 
Мамлекет башчы ар кыл тармактагы жетишкендиктер, анын ичинен жол, медицина, билим берүү, курулуш иштери, санариптештирүү, маданият тармактарындагы аткарылып жаткан иштерге токтолду.
 
Ал социалдык багыттагы иштердин баары мамлекеттик бюджеттен аткарылгандыгын, буга 12 миллиард сомдон ашуун каражат корогонун кошумчалады.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18