24.kg
10:21, 25 декабря 2019, 24.kg

«Ак-Жол» — «Кордай» өткөрмө жайында эки тараптуу каттоолорго чек коюлат

2020-жылдын башынан тарта «Ак-Жол» — «Кордай» өткөрмө жайын оңдоо жумуштары баштала тургандыктан, анын иши убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров парламент жыйынында билдирди.

Ал коңшу өлкө аймагына адамдар менен унааларды өткөрүүнүн альтернативдүү жолун аныктап, ага карата даярдык көрүү зарылдыгын белгиледи.

Вице-спикер кыргыз парламентинин депутаттар тобу 19-декабрда казакстандык кесиптештери менен Кордай өткөрмө пунктунда жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди. «Иш-чаранын жүрүшүндө «Ак-Жол» — «Кордай» өткөрмө постун реконструкциялоо керектиги айтылып, казак тараптын келерки жылдын январь айынан баштап ал жердеги эки тараптуу каттоолорго убактылуу чек коюла турганы айтылды», — деди ал.

Белгилей кетсек, «Ак-Жол» — «Кордай» өткөрмө жайы аркылуу жылына 5 миллион адам, 1 миллион унаа өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18