24.kg
09:33, 25 декабря 2019, 24.kg

Кыргызстандык аял Камчаткага 2 жолу мыйзамсыз кирген

Орусиядагы Камчатка аймагынын прокуратурасы кыргызстандык жаранга карата чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү тууралуу кылмыш иши боюнча айыптоочу актыны бекитти. Бул тууралуу Vostok.Today порталы жазды.

Маалыматка караганда, 31 жаштагы мигрантты мындан 4 жыл мурун Орусиянын аймагына кирүү режимин бузгандыгы үчүн аймактан чыгарып коюшкан. Ага 2020-жылга чейин кирүүгө тыюу салынган. Бирок, кыргызстандык аял өз мекенинен паспортун алмаштырып, Камчаткага Новосибирск аркылуу учуп келүүгө аракет жасаган. Сибирден аял колго түшүп, аны кайра артка жөнөтүшкөн.

Мигрант аял экинчи жолу паспортун алмаштырып, башка чек ара пунктунан Орусияга кирген. Аны Камчатканын аба майданынан кармашты.

Мигрант аялга 300 миң рубль айыппул салынышы же мажбурлап иштетүү чарасы кабыл алынышы мүмкүн. Же болбосо 4 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.

Маалым болгондой, кыргызстандык Орусияда базарда соода кылып эмгектенип келген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18