24.kg
09:20, 25 декабря 2019, 24.kg

Атамбаевге куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип жаткандыгы билдирилди

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип жаткандыгы тууралуу билдирме тапшырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Алмазбек Атамбаев кишилерди барымтага алууга, массалык башаламандыкты уюштурууга, адам өмүрүнө кол салуу жана адам өлтүрүүгө шектелип жатат.

«Айыптардын баары Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине бириктирилген. Алмазбек Атамбаевге жалпы 14 билдирме тапшырылды. Мурунку президент Кылмыш кодексинин 8 беренеси боюнча айыпталууда», — деди жактоочу.

Буга чейин баллистикалык экспертиза «Альфанын» кызматкери Алмазбек Атамбаевге тиешелүү Драгунов снайпер мылтыгынан жаракат алганын аныктаган. Сергей Слесарев бул экспертизанын ойдон чыгарылганын айтууда.

Эске салсак, Кой-Таш окуясында «Альфа» бөлүмчөсүнүн бир кызматкери каза болгон.

Заместителя командира спецназа «Альфа» ГКНБ Усенбека Ниязбекова убили в ходе спецоперации по задержанию бывшего президента в селе Кой-Таш.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18