24.kg
09:17, 25 декабря 2019, 24.kg

Тажикстанда жаңы жылдык балатыны өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды

Хатлон облусунун Куляб шаарынын 27 жаштагы жашоочусу жаңы жылдык балатыны өрттөөгө аракет кылып, милиция кызматкерине кол салды.

Окуя 24-декабрда болгон. «Азаттыктын» тажик кызматы өз булактарына таянып билдиргендей, милиция кызматкери борбордук аянтта Фарход Азизхон аттуу жаран жаңы жылдык балатыны өрттөөгө аракет кылып жатканын көрүп, укук коргоо органдарына кайрылган. Фарход Азизхон милиционерге бычак менен тап берген, эч ким жабыркаган эмес.

Маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн болгон жок. Фарход Азизхондун туугандары окуя тууралуу өз версиясын айтыша элек.

Куляб шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Фарход Азизхондун кармалганын тастыктады, бирок себебин айткан жок. Кылмышка шектүү мурун маңзат сатуу айыбы менен соттолуп, бир жыл мурун түрмөдөн чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18