24.kg
16:27, 24 декабря 2019, 24.kg

ӨКМ: 24-26-декабрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт

24-26-декабрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн көпчүлүк аймактарында, күндүз кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, облустарында жаан-чачын жаабайт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-27-декабрларда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал.

28-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18