24.kg
15:06, 24 декабря 2019, 24.kg

Ош облусунда каракчылык менен алектенген чет элдик жарандардын тобу аныкталды

Ош облусунда каракчылык менен алектенген чет элдик жарандардын тобу аныкталды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти. 

Photo 149364

Маалыматка караганда, коңшу өлкөнүн жарандары эмгек мигранты катары келип, жергиликтүү колунда бар тургундарды карактап жүрүшкөн. 21-декабрда Өзгөн районунун Куршаб айылында 48 жаштагы тургундун үйүнө белгисиз 4 беткапчан киши кирип, бычак менен үй ээсин коркутуп алтындарын жана телефондорун алып качып кетишкен. Шектүүлөр үйдөгү 4 өспүрүм баланы байлап, үй ээсинин унаасын минип кеткендери айтылууда.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, жыйынтыгында кылмыштуу топтун бир мүчөсү кармалды. Ал Өзбекстандын 26 жаштагы тургуну болуп чыкты. Далил катары үй ээсинин унаасы, телефон жана беткап табылды.

Учурда калган шектүүлөрдү кармоо боюнча иш аракеттер жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18