24.kg
14:23, 24 декабря 2019, 24.kg

Депутаттар кесиптеши Махабат Мавлянованын үстүнөн арызданышты

Төрага Дастанбек Жумабековго 10 депутат кесиптеши Махабат Мавлянованын үстүнөн арызданышты. Кол коюлган кат төраганын аппаратына келип түштү.

Маалыматка ылайык, катта Унаа, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Махабат Мавляновага ишеним көрсөтпөй тургандыктары жана аны кызматтан алуу суранычы жазылган.

Белгилей кетсек, катка эркек депутаттар гана кол коюшкан.

Каттын авторлору Мавлянованын профилдик комитеттин башчысы катары өз милдеттерин аткара албай жаткандыгын, комитеттин башка мүчөлөрү менен кеңешпей өз алдынча чечим чыгарып жатканын жазышкан.

Махабат Мавлянова бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18