24.kg
09:58, 24 декабря 2019, 24.kg

Шаардык бюджеттин эсебинен Бишкектин 40 чакырым жолдору оңдолот

Бишкекасфальтсервис 2020-жылы капиталдык оңдоодон өткөрө турган көчөлөрдүн тизмесин даярдады. Бул тууралуу мэриянын пландык жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, жалпы 40 чакырым жол капиталдык оңдоодон өтөт (Ар бир райондун 10 чакырымы). Ошондой эле 6 чакырым жол тротуарлары менен бирге оңдолот. Буга шаардык бюджеттен 350 миллион сом каралууда.

Бишкектин тротуарларын ремонттоо үчүн 100 миллион сом каралат.

2020-жылы Кытайдын эсебинен «Бишкектин көчө-жолдорун өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырыла баштайт. Бул 2 жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында Бишкекте 6 көпүрө куруу жана узундугу 70 чакырымдан ашуун жолду оңдоо пландалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18