24.kg
16:41, 23 декабря 2019, 24.kg

Чек ара жаңжалы. Жабыркаган аскер кызматкери Бишкектеги ооруканага которулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган аскер кызматкери Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн аскер кызматкерине операция жасалат. Анын абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык.

«Жабыркаган дагы 3 жаран Баткен облустук бириктирилген ооруканада дарылануусун улантууда. Алардын абалдары канааттандыраарлык. Тийиштүү дары-дармектерди алышууда», — деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, окуя 18-декабрда саат 9да Көк-Таш айылында башталган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18