24.kg
10:37, 23 декабря 2019, 24.kg

Текебаев менен Чотоновдун иши. Күбөлөр сотко келүүдөн баш тартышууда

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү болуп, ага Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Отурумдун жүрүшүндө күбөлөрдүн сотко келбегени анык болду. Алексей Модиндин Бишкек-Москва каттамы боюнча 29-августта учуп кеткени, ал эми Леонид Маевскийдин 30-июнда эле Кыргызстандан чыгып кеткени айтылды.

Мындан тышкары судья күбөлөр систематикалык түрдө отурумга катышуудан баш тартып келишкени тууралуу жазылган документти окуду.

Алексей Модин жана Леонид Маевский Кыргызстандагы коомдук-саясий абалдын өзгөргөндүгүнө шилтеме кылышууда.

Мамлекеттик айыптоочу мындай учурда күбөлөрдү сотко мажбурлап алып келүүнү айтты. Айыпталуучулардын жактоочулары маселени соттун кароосуна калтырышты.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18