24.kg
12:10, 20 декабря 2019, 24.kg

Кенжебаевге козголгон кылмыш иши Ширин Айтматованын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок

Ширин Айтматованын жолдошуна карата козголгон кылмыш иши мурунку депутаттын ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Жабырлануучу, кытайлык ишкер Мотайлифу Маймайтяни Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын жолдошу экенин билбегинин айтты. 

Кытай жаранынын жактоочусу Жанара Аскар кызы журналисттерге бул окуя тууралуу билбегенин айтты. Ал Ширин Айтматова менен тааныш экенин да кошумчалады. Юрист маалымат жыйыны баштала электе эле аны жыйынтыктап, түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Маалыматка караганда, Мотайлифу Маймайтяни Кыргызстанга 2018-жылы келип, Сыргак Кенжебаев менен «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында таанышкан.

«Бизде баардык документтер бар. Анда байланыш тууралуу келишимге ылайык, менин кардарым 85 пайызын, Сыргак Кенжебаев жана дагы бир өнөктөш-Түркиянын жараны Аскар 15 пайызын алышмак. Баса, Аскар менин кардарым менен Сыргак Кенжебаевди тааныштарган киши», — деп юрист сүйлөөгө жетишти. Ал Кенжебаев кытайлык жарандан алдап 350 миң долларын жана паспортун алып алганын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18