24.kg
10:12, 20 декабря 2019, 24.kg

Таласта мыйзамсыз 6 тонна күйүүчү май ташыган унаа аныкталды

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу май ташыган унаа кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Кызыл-Адыр айылына кире бериште «Мерседес-Бенц 814» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Текшерүү маалында мыйзамсыз ташылып келе жаткан 6 тонна бензин табылды.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Унаа айып короосуна киргизилди.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18