24.kg
09:01, 20 декабря 2019, 24.kg

Ширин Айтматованын жолдошу Алматыдагы аба майдандан кармалды

«Үмүт» кыймылынын демилгечиси Ширин Айтматованын жолдошун Алматыдагы аба майдандан кармашты. Бул тууралуу ал Twitterге жазды.

Анын айтымында, кармоо себеби белгисиз. Бирок жолдошун УКМКнын кызматкерлери кармап, Бишкекке алып келишти. Мурунку депутат саясий репрессия башталды деп билдирет.

УКМК Ширин Айтматованын жолдошунун кармалышы тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Эске салсак, Ширин Айтматова Түркияда өлтүрүлгөн жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча күбө катары өтүүдө. Аны суракка да чакырышкан. Ал маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу катка кол койгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18