24.kg
17:55, 19 декабря 2019, 24.kg

Акыркы 11 айда Нарын облусу боюнча 103 өрт кырсыгы катталды

2019-жылдын 11 айында Нарын облусу боюнча 103 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрт 26,4 пайызга азайды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Былтыр жалпы 140 өрт кырсыгы каттоого алынган.

«Быйыл өрт кырсыктарынан улам 6 миллион сомдук материалдык чыгым келтирилип, өрттөн 6 адам жабыркады. Кырсыктын негизги себептери — отко этиятсыз мамиле кылуу — 10,7 пайыз; электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык — 4,9 пайыз; меш жана морлорду этиятсыз колдонуу — 7,8 пайыз, балдардын от менен ойноосу — 6,8 пайызды түздү», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18