24.kg
16:20, 19 декабря 2019, 24.kg

Матраимовдордун доосу. Сот иликтөөнүн цитаталарын жарыялоого тыюу салган жок

Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 24.kg, «Азаттык» жана Kloop ЖМКларына карата доо арызын кароо боюнча алдын ала угуулар башталды. 

Сотто Жылдыз Ибраимова төрагалык кылууда. Ал «Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан иликтенген маалыматты таратууга тыюу салуу чечимин кабыл алган жок. Белгилей кетсек, тыюу салуу толук макалага эмес, айрым сүйлөмдөр менен абзацтарга байланыштуу.

Доо арызда көрсөтүлгөндөй, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн пикиринде, бир канча фраза алардын намысына шек келтирүүдө. Мисалы, «Бир метри 1 доллар турган материал -кадимки велюр жүз миллион долларлык схемаларды ачууга жардам берет. Ошондой эле Кыргызстандан 100 миллион доллар чыгарылып кеткени уушул документтерден улам түшүнүктүү. Алар Матраимовдордун байлыктарынын сырын ачат», — деген сүйлөмдөр. 

Бул маалыматтарды таратууга тыюу салуу өтүнүчү менен Матраимовдордун жактоочулары сотко кайрылышты. Бирок судья алардын суранычын канааттандырган жок.

Жактоочулар соттун бул чечимине даттана тургандарын билдиришти.

Доогерлердин кызыкчылыктарын 4 юрист — Мадина Ниязова, Лейла Байдаева, Татьяна Карыжинская жана Оксана Жданова коргоп жатышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18