24.kg
15:13, 19 декабря 2019, 24.kg

Матраимовдордун ЖМКга каршы доосу. Судья журналистти залдан чыгарып жиберди

Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 24.kg, «Азаттык» жана Kloop ЖМКларына карата доо арызын кароо боюнча алдын ала угуулар башталды.

Төрагалык кылган судья Жылдыз Ибраимова, Kaktus.media сайтынын журналистин залдан тартипти бузгандыгы үчүн чыгарып жиберди.

Эске салсак, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочулары 24.kg, «Азаттык» жана Kloop ЖМКларына карата доо арызын кароо боюнча процессте видеого тартууга каршы чыгышкан. Сот доогер тараптын өтүнүчүн канааттандырып, видеого тартууга тыюу салды.

Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттигин сотко берген. Маалыматка караганда, Райымбек Матраимовдун намысын коргоо боюнча доонун суммасын: «Азаттык» 22 миллион, Kloop 12 жарым миллион, 24.kg агенттиги 15 миллион сом төлөп бериши керек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18