24.kg
12:10, 19 декабря 2019, 24.kg

Садыр Жапаровду колдоо максатында тынчтык митинги өтүүдө

Бишкектеги Масим Горький атындагы гүлбакчада Садыр Жапаровду колдоо максатында тынчтык митинги өтүүдө. 

Акцияга 100гө чукул киши чогулду. Алар мурунку депутатка ырайым кылууну талап кылышууда.

Мурунку депутат Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу үчүн 500 миң кол топтолгонун 24.kg агенттигине жарандык активист Мелис Аспеков билдирген. Анын айтымында, мурунку депутаттын тарапташтары миллион кол чогултуп, андан кийин президент Сооронбай Жээнбековго берүүнү пландап жатышат. Мындан сырткары Садыр Жапаровдун жактоочулары ырайым берүү боюнча комиссиянын кароосуна жиберүү үчүн документтерди топтошууда.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18