24.kg
10:47, 19 декабря 2019, 24.kg

Чек ара чыры. Депутаттар делимитациялоо боюнча комиссиянын отчетун талап кылышты

Вице-спикер Аида Касымалиева чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын өкүлдөрүнөн отчетун талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүнкү отурумда билдирди. 

Аны депутат Зиядин Жамалдинов колдоп чыкты. Айтымында, чек арада болгон жаңжалдан кийин эл өкүлдөрү өкмөттү чакырып, тапшырма беришет, бирок бир-эки ай өткөндөн кийин кайра эле баягы көрүнүш.

«Бул планда кандай жылыштар бар, эмнелер жасалып жатат, комиссия отчет берсин. Же министрлер кабинети биздин тапшырмабызды унутуп калып жатабы? Анда эмесе аларды дагы бир жолу чакырып, эстетип коелу», — деди Зиядин Жамалдинов.

Эске салсак, окуя 18-декабрда саат 9да Көк-Таш айылында башталган. Жергиликтүү тургундар бири-бирине таш ыргытышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18