24.kg
10:22, 19 декабря 2019, 24.kg

Батукаевдин иши. Жапар Эрматов кийинки жылдын февралына чейин камакта калтырылды

Биринчи май райондук соту мурунку судья Жапар Эрматовдун баш коргоо чарасын карап чыгып, аны 2020-жылдын 22-февралына чейин камакта калтырууну чечти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине соттон билдиришти.

Эске салсак, Жапар Эрматов Нарын шаардык сотунун төрагасы болуп турганда, 2013-жылдын апрелинде кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн эрте бошотуу тууралуу чечим кабыл алган.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Буга чейин өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Марат Бекенов үй камагына чыгарылганы кабарланган.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18