24.kg
09:07, 19 декабря 2019, 24.kg

Украинада депутаттык кол тийбестик жоюлду

Украина Жогорку Радасы экинчи окууда депутаттык кол тийбестикти жоюу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Мыйзам долбоору үчүн 291 депутат «макул» деген добушун берди. Документ 2020-жылы 1-январда күчүнө кирет.

Бул президент Владимир Зеленский менен анын «Эл кызматчысы» партиясынын шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болгон. Президент мыйзам коррупцияга малынган депутаттарга кылмыш ишин козгоону жеңилдетерин айткан.

Мыйзамды «Европа тилектештиши», «Батькивщына» жана «Добуш» фракцияларынан бир дагы депутат колдогон жок.

 

Мыйзамга ылайык, Украина Конституциясындагы «парламентарийлер депутаттык кол тийбестикке ээ, аларды Жогорку Раданын уруксатысыз кармоого, камоого же кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт» деген эреже алынып салынат.

Мындан ары коррупцияга шектелген депутаттарга каршы тергөө амалдарын баштоого жана камоого башкы прокурор уруксат берет. Бул арада «Европа тилектештиги» партиясынын депутаты Алексей Гончаренко башкы прокурорго мындай ири ыйгарым укук берүү саясий жана коррупциялык тобокелчиликтерди жаратарын белгилөөдө.

Былтыр «Transparency International» уюмунун коррупцияны кабылдоо индексинде — Украина 180 өлкөнүн ичинен 120-орунга жайгаштырылган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18