24.kg
16:42, 18 декабря 2019, 24.kg

Москвада өз мекендештерин опузалап акча талап кылган кыргызстандыктар кармалды

Москвада өз мекендештерин опузалап акча талап кылган кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө азият түспөлүндөгү белгисиз адамдар кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенишип, өз мекендештерин ар кандай шылтоолор менен тоноп, акча каражатып опузалап талап кылып жүрүшкөндөрү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.

Өкүлчүлүккө Кыргызстандын 36 жаштагы жараны кайрылып, Москва шаарынын Нижегородская көчөсүнөн белгисиз адамдар Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун 1976-жылы туулган тургунун уурдап кетишкенин айткан. Андан соң кылмышкерлер байкесин токойго алып барышып, бычак менен денесине жаракат келтиришкен. Алар 200 миң рубль талап кылышып, мындан соң ай сайын 100 миң рубль берип турасын деп күч колдонуп коркутушкан. 

Аталган окуяга шектүү делип кыргызстандык 4 жаран колго түшүрүлдү. Кармоо учурунда алар активдүү каршылык көрсөтүшкөн. Кылмыш жасалган жеринен белгиленген акча каражаты, 3 бычак алынып, алар кылмыш ишинин материалына бекитилди.

Шектүүлөр тергөөнүн аягына чейин Москва шаарынын тергөө абагына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18