24.kg
16:06, 18 декабря 2019, 24.kg

Нурбек Токтакуновго карата телефондон коркутуулар болууда

«Прецедент» өнөктөш тобунун башчысы жана юристи Нурбек Токтакуновго карата телефондон коркутуулар болууда. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча сотто ал мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун кызыкчылыгын коргогон. Жактоочунун айтымында, #REакция 2.0 митингинин алдында ага коркутуп телефон чалышкан.

«Бүгүн мага телефон чалып, буга чейин эскертүү беришкенин, митингдерди токтотууну, болбосо жыйынтыгы жаман боло турганын айтышты. Чалган чоң кишинин үнү. Ошол маалда жанымда кесиптештерим бар болчу, алар дагы угушту. Мени коркутуп чалган номурдан кечээ дагы чалышкан экен. Менден кечээтен бери эмнеге телефонду албай жатасың деп сурашты. Мындай коркутуулар мурда болчу эмес, бирок мага боору ооруган УКМКнын кээ бир кызматкерлери өлкөдөн чыгып кетүүгө кеңеш беришти», — деди Нурбек Токтакунов.

Эске салсак, #REакция 2.0 митинги сөз эркиндигин колдоо максатында өттү. 

Нурбек Токтакунов буга чейин Башкы прокуратурага Райымбек Матраимовдун расмий кирешесинен ашып түшкөн ири байлыктары тууралуу фактылар боюнча арыз менен кайрылганын айткан.

 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18