24.kg
14:30, 18 декабря 2019, 24.kg

Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиевди үй камагына чыгарышты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиевди үй камагына чыгарышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Амантур Жамгырчиев тергөө менен байланышууга макулдугун бергендиктен, тергөөчүлөр анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүшкөн.

Эске салсак, мурунку президенттин тарапташтары Амантур Жамгырчиевге, Марат Шаменовго, Алга Кылычевге, Кыяз Смаиловго, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовго жана башкаларга «Массалык башаламандык», «Адам өлтүрүү», «Барымтага алуу» беренелери боюнча айыптар тагылган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18