24.kg
14:08, 18 декабря 2019, 24.kg

Factcheck.kg сайтына DDoS-чабуулу уланууда

«Интернет-саясат жарандык демилгеси» коомдук фонду Кыргызстандагы интернет-ресурстарына болгон DDoS-чабуулуна байланышкан окуяны иликтеп чыкты. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ саат 16:00дө Factcheck.kg, Ecomonist.kg, Kloop.kg, Kaktus.media, sokol.media, vb.kg, knews.kg, Today.kg, politklinika.kg сайттарына DDoS- чабуулу жасалган. Серверлерге Кыргызстандан, Кытайдан, Орусиядан Таиланддан, Бразилиядан, Франциядан жана Индонезиядан чабуул жасалганы айтылууда.

Чабуул Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова боюнча материал чыгып, эки саат өткөндөн кийин башталганын айрым ЖМКлар жазып чыгышты. Макалада Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан (Аманда) Тургунова өзүнө канча каражат корото тургандыгы тууралуу камтылган.

DDoS-чабуул бул — сайтты бузуу үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен аракет кылуу.

 
 
 
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18