24.kg
12:08, 18 декабря 2019, 24.kg

#REакция 2.0. Митингчилер менен желек көтөргөн кишилердин ортосун милиция тосту

Жемкорлукка каршы нааразычылык билдирип жана ЖМКларды колдоо ирээтинде өтүп жаткан тынчтык акциясынын катышуучуларын көздөй «Ак үй» тараптан желек көтөрүшкөн кишилер чыгышты. Аларды чагымчыл күчтөр болушу мүмкүн деп айтышууда.

#REакция 2.0 митингинин катышуучулары менен желек көтөргөн кишилердин ортосун милиция тосуп турат.

Эске салсак, #REакция 2.0 митинги сөз эркиндигин колдоо макстында өтөт. Буга чейин 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өткөн. Анын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды чакырып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышкан.

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18