24.kg
09:56, 18 декабря 2019, 24.kg

Санкт-Петербургда кыз зордуктоого шектелип кыргызстандык кармалды

Санкт-Петербургдун полициясы өспүрүм кызды зордуктаган деген шек менен 47 жаштагы кыргызстандыкты кармады. Бул тууралуу орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка караганда, 16-декабрда полицияга 31 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, өгөй кызын зордуктап кеткенин айткан.

Окуя арыз ээсинин үйүндө болгон. Кечки тамактануудан кийин мейманга чакырылган 47 жаштагы кыргызстандык жарандан башкасы уктап калышкан. Мас абалдагы шектүү абалдан пайдаланып батирдин ээсинин 16 жаштагы кызын зордуктап койгон.

Укук коргоо органдары шектүүнү кармашты. Ал Санкт-Петербургга иштөө үчүн июнда келген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18