24.kg
09:10, 18 декабря 2019, 24.kg

Жыл башынан бери дүйнөдө 49 журналист өлтүрүлгөн

Учурда дүйнөдө кесибине байланыштуу 389 журналист жана ЖМК кызматкери камакта отурат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 пайызга көп.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун баяндамасына ылайык, камактагы журналисттердин саны боюнча Кытай (130), Египет (36) жана Сауд Арабия (32) өлкөлөрү алдыда. Орусияда учурда алты журналист түрмөдө отурат.

Жыл башынан бери дүйнөдө 49 журналист өлтүрүлгөн. Бул мурдагы жылга караганда эки эсеге аз. Алардын бир аз бөлүгү гана куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарда курман болушкан.

Мындан тышкары быйыл 57 ЖМК кызматкери барымтага алынган. Алардын бирөөсү Украинада, калганы Сирия, Йемен жана Ирак өлкөлөрүндө уурдалган. Учурда булардын көбү дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө.

Баяндамага ылайык, 2019-жылы журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөр Мексика, Сирия, Ооганстан, Пакистан жана Сомали болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18