24.kg
16:20, 17 декабря 2019, 24.kg

Сапар Исаковду алгач сот залына мажбурлап алып келишип, кайра алып чыгып кетишти

Тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ат майданды калыбына келтирүү боюнча иш Биринчи май райондук сотунда каралып баштады.

Сот судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтүүдө.

Айыпталуучу Сапар Исаковду алгач сот залына мажбурлап алып келишип, кайра алып чыгып кетишти. Сапар Исаков күчтөп алып келген ыкмаларды айыптап, бир канча билдирүү жасады. Ал Сооронбай Жээнбеков менен бир тууганына карата нааразычылыгын айтты. 

«Учурда өлкөнү райим-миллиондор башкарууда. Мен нааразымын. Эмнеге мени күч колдонуп алып келишти. Сотту менсиз деле өткөргүлө, мен баарына макулмун. Бул оюндарга катышпайм», — деди айыпталуучу.

Судья Марат Сыдыков залдан Сапар Исаковду соттук териштирүү тартибин бузгандыгы үчүн чыгарып жиберди. 

Эске салсак, 10-декабрда Сапар Исаков сотко катышуудан баш тарткан. Ал мындай кадамга барган себебин, ЖЭБ боюнча Свердлов райондук сотунун маанисиз өкүмүнө байланыштырды.

Белгилей кетсек, музейди оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген.

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18