24.kg
14:45, 17 декабря 2019, 24.kg

Тарых музейин калыбына келтирүү боюнча сот. Исаков катышуудан баш тартты

Тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ат майданды калыбына келтирүү боюнча иш Биринчи май райондук сотунда каралып баштады. 

Соттук отурумдун башында судья Марат Сыдыков айыпталуучу Сапар Исаков конвойдук бөлмөдөн чыгуудан баш тартып жатканын билдирди.

Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучунун соттук процесске милдеттүү түрдө катышуусу керектигин айтып, мурунку өкмөт башчыны алып келүүнү суранды.

Сапар Исаковдун жактоочуларына айыпталуучунун келбеген себебин аныктоого убакыт беришти.

Эске салсак, 10-декабрда Сапар Исаков сотко катышуудан баш тарткан. Ал мындай кадамга барган себебин, ЖЭБ боюнча Свердлов райондук сотунун маанисиз өкүмүнө байланыштырды.

Белгилей кетсек, музейди оңдоодо мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген.

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18