24.kg
11:52, 17 декабря 2019, 24.kg

Коомдук унааларда жүрүү үчүн электрондук билеттер кийинки жумадан баштап сатылат

Коомдук унааларда жүрүү үчүн электрондук билеттер кийинки жумадан баштап сатыла баштайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар мекемесинин директору Нурлан Койчубаков билдирди.

Анын айтымында, бул жумада карталар жеңилдик берилчү жарандарга жана мектеп окуучуларына бериле баштайт. Мындан сырткары электрондук билеттерди ишке ашыруучу мэриянын өнөктөшү (Швейцария) системаны текшерүү үчүн, пилоттук режимде 2 миң стандарттуу картаны берүүнү пландап жатат.

«Алар сервер, программалык камсыздандыруунун кандай иштей тургандыгын текшеришет», — деп билдирди Нурлан Койчубаков.

Эске салсак, буга чейин мэрия 2020-жылдын январынан тарта коомдук муниципалдык унааларга электрондук билет киргизүүнү кабарлаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18