24.kg
17:36, 16 декабря 2019, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу Чек ара кызматы түшүндүрмө берди

Мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасында кыргызстандык жана тажикстандык тургундар арасында пикир келишпестиктер жаралды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Көк-Таш айылында тажик тарап такталбаган аймакта тосмо курабыз деп чыккан.

«Кыргызстандын 30-40ка жакын жараны дүкөндүн жанына чогулуп, иштин жүргүзүлүшүнө нааразы болушкан. Алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, жаңжал болгон жерге кыргызстандык чек ара кызматкерлери барышкан. Алар коңшулардан ишти токтотууну талап кылышканда, тажик тарап макул болушкан эмес. Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Согди облусунун губернаторунун орун басары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18