24.kg
16:55, 16 декабря 2019, 24.kg

Хабаровскто кыргызстандыктардын сабалышы. ТИМ нааразычылык билдирди

Кыргызстандын ТИМи Хабаровсктогу кыргызстандык жарандардын сабалышына байланыштуу, Орусиянын элчилигинин кеңешчисин чакыртышты. Бул тууралуу аталаган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуу маалында кыргыз тарап күчтүү нааразычылык билдирди. Алардын айтымында, укук коргоо органдарынын (физикалык күч колдонуп жана оозго алгыс сөздөр менен сөккөнү) кызмат абалдарынан пайдалануусу укуксуз мүнөзгө ээ.

«Кыргыз тарап окуяны объективдүү жана баардык тараптан карап чыгууну камсыздоого, кызмат абалынан пайдалангандарга чара катуу чара көрүүгө чакырды», — деп айтылат маалыматта.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлүнүн айтымында, факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Орусиялык элчи маселе жеке көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин 24.kg агенттигине окурмандар Хабаровскто милиция автопаркта иштеген мигрант-таксисттерди катуу сабап салышканын билдиришкен. Анда 2 кыргызстандыктын ооруканага жаткырылганы маалымдалган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18