24.kg
15:25, 16 декабря 2019, 24.kg

Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирген Кытайдын жараны кармалды

Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирген Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-декабрда Т уулу А., аттуу кыргызстандык жарандын башкаруусундагы «Рено» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Кытайдан «Торугарт» өткөрмө пунктуна келген. Инспекциялык тыкыр кароо комплексине кирген учурда айдоочу кабинадан аялды жашыруун түшүрүп, аны катууга аракет жасаган.

«Кытайдын жараны Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүп бара жатканы аныкталды. Аны менен бирге айдоочу Т уулу А. кармалып, чек ара кызматына өткөрүлүп берилди. Маселе чечилгенге чейин транспорт каражаты жүгү менен «Торугарт» өткөрмө пунктунда токтоп турат», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18