24.kg
13:45, 16 декабря 2019, 24.kg

Президент уран казууга каршы мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын 31-октябрында кабыл алган. Мыйзам калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо укуктарын, радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам менен Кыргызстандын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) уран, торий кендерин чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга.

2) уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга).

3) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Буга чейин жергиликтүү тургундар кендин казылышына каршы болушуп, жер-жерлерде чакан митингдер уюштурулган. Өкмөт башчы кен иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн, экспертиза чыкканга чейин токтоткондугун айтып чыккан. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18