24.kg
11:56, 16 декабря 2019, 24.kg

Патрулдук милиция бир жарым айда 62 кылмыштын жана 193 жоруктун бетин ачты

Ушул жылдын 31-октябрынан 13-декабрга чейин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери 62 кылмыштын жана 193 жоруктун бетин ачты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын башчысы Канат Жумагазиев билдирди.

Анын айтымында, 1 миң 999 жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинде 212 мыйзамсыз унаалардын терезелерин караңгылатуу фактысы, 87 жасалма номурларды пайдалануу, 122 мас абалда унаа башкаруу фактылары катталды.

Бир жарым ай аралыгында Патрулдук милиция башкармалыгы 102 линиясы боюнча келип түшкөн 2 миң 720 чакырууну кабыл алган. Алардын 850сү аныкталган жок, ал эми ИИБга 597 киши алынып келинди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18