24.kg
10:19, 16 декабря 2019, 24.kg

Депутат Жаныбек Бакчиев бүгүн УКМКнын сурагына чакырылды

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиев бүгүн УКМКнын сурагына чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу билдирди.

Ал тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүү процедуралары аяктаганга чейин эч кандай түшүндүрмө бере албай тургандыгын кошумчалады.

Алдын ала маалыматка ылайык, УКМК Жаныбек Бакчиевдин Каттоо кызматында жетекчи болуп турган кездеги ишмердүүлүгүн текшере баштады.

Белгилей кетсек, Жаныбек Бакчиев Каттоо кызматынын жетекчилигинен 2011-жылдын декабрында кеткен. Андан бери 8 жыл өттү.

Эске салсак, ал кызматтан кетүү себебин аны дайындоого сунуштаган партия жаңы көпчүлүк коалицияга кирбей калгандыгына байланыштырган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18