24.kg
09:35, 16 декабря 2019, 24.kg

Бишкекте пара менен кармалган милиция тергөө абагына киргизилди

Бишкекте пара менен кармалган ШИИББнын жол кырсыктары боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысы № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту тандады. Сотко чейинки өндүрүш уланууда. Эске салсак, милиция мурда болгон жол кырсыгы боюнча маселени оң жагына чечип берем деп (жаран жөө жүргүнчүнү сүзүп алган), жарандан 1 миң доллар пара талап кылган.

«Буга чейин жаран жабырлануучунун дарылануусуна кеткен чыгымды толугу менен төлөп берип, материалдык жана моралдык чыгымдардан кутулган. Жабырлануучу кийин тосмо арыз да жазган. Бирок, ШИИББнын кызматкерлери жаранды опузалап, ишти сотко өткөрөбүз деп пара талап кылышкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18