24.kg
09:11, 16 декабря 2019, 24.kg

Коомдук унаа катышкан жол кырсыгы: мэрия жабырлануучуларга компенсация төлөйт

14-декабрда Бишкектеги Гагарин көчөсүндө автобус, троллейбус жана 2 жеңил унаалар кагышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  унаа жана жер саясаты үчүн жоопкерчиликтүү вице-мэр Азиз Алымкулов троллейбустук жана автобустук башкармалыктын жетекчиликтери менен биргеликте жол кырсыгында жабыркагандардын абалына көзөмөл кылышууда. 

Кечээ аткаминер транспорттук кызматтын жетекчилиги менен ыкчам жыйын өткөрдү. Мэриядан билдиришкендей, коомдук транспорттун баардык жүргүнчүлөрү камсыздандырылган (мунициаплдык транспортто жыл сайын баардык жүргүнчүлөр отургучтару камсыздандырылат).

Камсыздандыруу компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп баштады. Жабырлануучулар баардык документтерин көргөзгөндөн кийин, камсыздандыруу уюму баардык компенсацияларды төлөп берет. 

Эске салсак, кырсыкта 10 киши жабыркаган, алардын арасында 6 киши троллейбустун жүргүнчүлөрү. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18