24.kg
16:11, 13 декабря 2019, 24.kg

Кыргызстанда биринчи жолу орто кесиптик окуу жайларда ишкерликти үйрөтүшөт

Билим берүү жана илим министрлиги биринчи жолу ишкерликке окутуунун улуттук концепциясын иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Концепция орто кесиптик окуу жайларында билим алган студенттерди ишкердикке окутуу, аларды жумушка орноштуруу жана бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Концепциянын түзүүчүлөрүнүн айтымында, документтин биринчи долбоору эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен даярдалды. Ал колледждерде билим алган студенттердин ишкерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Ишкерлик боюнча жаңы окутуу модулдары аларга өзүн-өзү иш менен камсыз кылууга, жумушка орношууга жана бизнести өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Улуттук концепция 2020-жылда орто кесиптик билим берүү системасына киргизүүгө даяр болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18