24.kg
14:12, 13 декабря 2019, 24.kg

Чуулгандуу сүрөт. ИИМдин 2 кызматкери иштен бошотулду

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ЖМКда «Мерседес» үлгүсүндөгү 01KG 578 ACD мамлекеттин номерлүү унаанын фотоколлажын чагылдырылышы боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы жана бузууларды кетиргендиктери үчүн, мониторинг борборунун жалданма-оператор кызматкерлери А.А. менен К.К. жумушунан бошотулду. Мындан сырткары 4 кызматкерге ар кандай тартиптик жазалар берилди.

Аталган факт боюнча айрым кызматкерлерге карата сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, соцтармакта Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовго окшош киши Бишкекте жасалма номурлуу (578 ACD) унаа менен жүргөн сүрөтү жарыяланган.

Соцтармактын колдонуучулары рулда Алмаз Мамбетов экенин айтышкан. Бирок аткаминер муну четке каккан. Кийин унааны башкарып бара жаткан айдоочу такыр башка жаран экени маалымдалаган болчу.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18